Брюссел Минскиден оппозиционер Бабарикону бошотууну талап кылды

“Белгазпромбанктын” мурдагы башчысы Виктор Бабарико.

Европа Биримдиги беларус бийлигинен 14 жылга абакка кесилген оппозиционер Виктор Бабарикону жана "өздөрүнүн негизги укуктары үчүн күрөшкөн" камактагы башка бир топ адамдарды тез арада бошотууну талап кылды.

Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин өкүлү Петер Станонун 6-июлдагы билдирүүсүндө Бабарико “өзүнүн саясий укугун пайдаланып, президенттик шайлоого катышууга аракет кылганы үчүн гана соттолгону” белгиленген.

Уюм Бабарико боюнча соттун чечимин жакында эле "негизсиз жана адилетсиз чыгарылган 125 саясий өкүмдүн бири" катары мүнөздөдү.

"Бул процесстер жабык жана тиешелүү жол-жоболор сакталбастан өткөрүлгөн”, — деп жазылган Станонун билдирүүсүндө.

Беларустун Жогорку соту президенттикке талапкерлигин коюп, бирок каттоодон өтпөй калган оппозиционер Виктор Бабарикону 6-июлда 14 жылга эркинен ажыраткан. “Белгазпромбанктын” мурдагы башчысы "ири өлчөмдө пара алуу жана кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча айыптуу деп табылган.

Виктор Бабарико соттук териштирүү учурунда көрсөтмө берүүдөн баш тартып, өзүнө коюлган айыптарды "саясий мотив менен токулган иш" деп мүнөздөдү. Ал 2020-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, бирок Беларустун шайлоо комиссиясынын каттоосунан өтпөй калган.

Дагы караңыз

Элчи Өмүралиев Инандыга консулдук кызматкер киргизүүнү суранды"Талибан" ооган провинциясынын борборуна чабуул койдуБажычы Айтмаматов 74 млн. сом төлөп абактан чыктыИнандынын иши: депутат күч органдарынын башчыларын жоопко тартууну сунуштады Вирус күчөгөндө эс алгандар көбөйдү