Депутат Акаев: Кыргыз-венгер фонду Баткенге артыкчылык бериши керек

Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ишке киргени жаткан Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду аркылуу эң ириде Баткендин чек аралаш аймактарында чакан жана орто ишкерлик менен алектенгендерге колдоо көрсөтүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат “Фейсбуктагы” баракчасына “Фонддун уставдык капиталы 16 миллион долларды түздү, кийин капиталды 50 миллион долларга чейин көбөйтүү каралган. Орто жана чакан бизнес үчүн кредитти 2-3 пайыздан ашырбоону да сунуштадым. Чек аралаш аймактарга артыкчылык берүү тууралуу сунуштарым ишке ашат деген ойдомун”, -деп жазды.

Министрлер кабинети Баткенде кыргыз-тажик чек ара жаңжалындагы зыяндын көлөмүн 1,3 миллиард сом деп эсептеген. Элден облуска 120 миллиондой сом чогулган.

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө тең окуяга байланыштуу кылмыш иштери козголгон.