Ош: добуш сатып алууга шектелип үч киши кармалды

Милициянын жеринен тарткан сүрөтү.

Ош шаарында добуш сатып алууга шектелип 7-июлда үч киши кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, кармалган жарандар 11-июлдагы шаардык кеңешке аттанган партиянын тарапташтары. Текшерүү учурунда алардын жанынан 115 миң сом табылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Милиция кармалгандар кайсы партиянын өкүлдөрү экенин ачыктаган жок.

"Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен Ош шаарынын тургундары 1980-жылы туулган И.Х., 1959-жылы туулган Р.Ш. жана 1959-жылы туулган Л.Б. кармалды. 1980-жылы туулган жарандын жанынан 115 миң сом жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси чыккан", — деп жазылат милициянын маалыматында.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси "Шайлоочуларды сатып алуу" боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Буга чейин милицияга шайлоо өнөктүгүнө тиешелүү 15 кайрылуу келип түшкөн.

Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (DU)

Дагы караңыз

Орхан Инандынын иши: акыркы маалыматтарИранда Ооганстандагы кырдаал боюнча сүйлөшүү башталды Евро-2020: Италия финалга чыктыОштогу кодулоо менен каралоо күч алган үгүтЭлчи Өмүралиев Инандыга консулдук кызматкер киргизүүнү суранды