Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруп жүргөндөрдүн өлүмү 19% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев 7-июлда брифингде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө оорудан каза болгондордон жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда турат. 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы бул оорудан көз жумгандар 19% көбөйгөн. Жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар коронавирусту оор өткөрөт.
COVID-19дан баш-аягы 2 063 адам көз жумду. Ушул тапта ооруканаларда 4 253 киши жатат жана 184 бейтаптын абалы оор. Коронавирус аныкталган 12 миңден ашык киши үйүндө дарыланууда. (TSh)
Дагы караңыз
Издөөдө жүргөн Файзиевди сырттан камакка алуу чечими жокко чыкты Маматалиев: Административдик ресурсту колдонуу уланып жататHRW Орхан Инанды боюнча билдирүү таратты Парламент Орхан Инанды боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматын угат