Парламент Орхан Инанды боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматын угат

Орхан Инандынын тарапташтырынын Бишкектеги акциясы. 2021-жыл, июнь.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын угат. Бул маселени парламенттин бир нече депутаты көтөрүп, күн тартибинде саат 14:00дө каралмай болду.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, төрт жолу президент Жапаровго кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды. (TSh)

Дагы караңыз

COVID-19: тогуз бейтап көз жумду, оору 1198 адамдан аныкталдыЖАМК: Чыңгыз Жумагулов жакында абактан чыгатБыйыл каржы пирамидасына байланыштуу 906 факт катталды