Ички иштер министрлиги быйыл жыл башынан бери каржы пирамидасына байланыштуу 906 факт катталганын кабарлады. Ага ылайык, мындай көрүнүштөрдүн басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 880ден ашыгы Ысык-Көлдө орун алган. Ушул учурда жалпы 875 иш сотко жөнөтүлгөн.
ИИМ жарандарды оңой акча табуунун айынан шылуундарга алданып калбоого чакырган. Милиция каржылык мыйзам бузгандар Жазык кодексинин 214-беренесине (“Финансылык пирамидаларды уюштуруу”) ылайык жазага тартыларын эскерткен.
Ушул тушта Ысык-Көлдөн сырткары Талас облусундагы дагы каржы пирамидаларын түзгөн учурлар көп катталып жатат.
Апта башында Таласта каржы пирамидасынын айынан акчасын алдаткан 200дөн ашуун жаран нааразылык акциясына чыккан.