Москвада эски химиялык курал кампасы табылды

Москвадагы турак жай курулушунун ордунан өткөн кылымга таандык химиялык куралдын кампасы табылып, текшерүү иштери башталганы кабарланды. Ошол эле кезде курулуш иштери улантылып жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Эркин Европа радиосунун орус кызматы маалымдады.

Жумушчулар турак жай курулушунун ордунан тапкан кампа Москванын батышындагы Очаково районундагы мурдагы химиялык базанын аймагы экенин жергиликтүү тургундар журналисттерге айтып беришти.

Курулуш аянтынан табылган түстүү айнек шарчалар жана алардын сыныктары ампуломет үчүн снаряд катары колдонулган. Мындай куралдарды советтик аскерлер экинчи дүйнөлүк согуштун ортосуна чейин пайдаланышкан. Ампулометтогу айнек шарчаларда ууландыруучу заттар зат салынган. Ошону менен аткылаганда жакынкы аралыктагы душмандын айланасын ууландыруу максатында колдонулганы белгилүү.

Химик Владимир Углев ампуладагы иприт заты дагы деле сакталып калышы мүмкүн экенин табылга коркунучтуу болгондуктан ага этияттык мамиле керектигин билдирди.

Жаңыдан курулуш иштери жүрүп жаткан бул аймак мурда Коргоо министрлигине караган. Ал жакта химиялык аскер күчтөрүнүн базасы жайгашкан. Кийин бул жер тилкеси менчикке сатылып, көп кабат үй курууга берилип кеткен.