Орусияда COVID-19 илдетинен биринчи жолу акыркы суткада 737 адам каза тапканын Федералдык ыкчам штаб маалымдады.
Бул Орусияда пандемия башталгандан берки эң чоң көрсөткүч.
Соңку мезгилде COVID-19 илдетинин кесепетинен көз жумгандардын көбү Москва менен Санкт-Петербургда катталган. Ошого карабастан ири шаарлардагы көрсөткүч өткөн суткаларда июнь айынын этегиндеги көрсөткүчкө жеткен эмес. Соңку рекорддук көрсөткүч Орусиянын аймактарындагы илдеттин кеңири жайылышынан улам көбөйгөнү маалыматта көрсөтүлдү.
Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, COVID-19 илдетинен каза болгондор пандемия башталгандан бери дээрлик 140 миң кишиге жетти.
Ошол эле кезде Росстаттын 2021-жылдын апрель айынын аягына карата маалыматы боюнча коронавирустан каза тапкандардын саны 270 миңден ашкан. Росстаттын коронавирустан каза тапкандардын санын эсептөө усулу Федералдык ыкчам штабдыкынан айырмаланат. Орусиянын статистика комитети COVID-19 илдети менен ооруп, андан айыккандан кийин, вирус түздөн түз өлүмгө алып келген себеп болбогон учурлардын бардыгын кошуп эсептей турганы белгиленди.
Орусияда акыркы суткада 23 миң 378 адам COVID-19 илдетин жаңы жугузуп алган.
Пандемия башталгандан бери Орусияда ооруну жугузуп алгандардын жалпы саны 5 млн 658 миңден ашты.
Дагы караңыз
Сары-Ой - ички туристтер сүйгөн жайлооСадыр Жапаров Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады"Вакцинанын ооруга каршы таасири болот"Жороев: Шайлоо институтуна ишеним жоголдуИнандынын табылганына кандай баа бересиз?