Германия эки миңден ашык ооганга виза берди

Германиянын жоокерлери

Германиянын өкмөтү Ооганстандагы немис аскерлерине жардам көрсөтүп, бирок азыр талибдердин кол салуу коркунучунан улам коргоого муктаж ооган жарандарын өз карамагына алды.

Немис аскерлеринин контингенти 29-июнда Ооганстандан чыгып кеткен. Учурда өлкөнүн көпчүлүк райондорун "Талибан" кыймылы басып алууда. Буга чейин эл аралык аскер базаларында түрдүү кызматтарда иштеген жергиликтүү ооган тургундары коркунучка дуушар болгону кабарланган.

Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр буга чейин немис аскерлерине көмөк көрсөтүп, кызматташып келген жергиликтүү тургандардын алдында милдеттүү экенин айткан болчу.

Германия аскерлерин Ооганстандан чыгаруунун алдында 446 жергиликтүү кызматкерге жана алардын жакындарына – жалпысынан 2250 адамга жолго чыгууга тиешелүү документтер тапшырылган. Бул тууралуу Германиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Дэвид Хелмбольд 5-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, мурда берилген арыздардын арасынан бир нечеси каралбай туруп калган. Соңку күндөрү алар да канааттандырылып, жалпысынан 2400 адамга виза берилгени кабарланды. Виза алгандардын баары эле өлкөдөн тез арада чыгып кетүүнү каалаган эмес.

“Жергиликтүү жардамчылардын көбү Ооганстанда узакка калууну каалай турганын айтышып, бирок кырдаал кескин курчуп кетсе, өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну суранышты”, – деди Дэвид Хелмбольд.

Ооганстандагы немис аскер бөлүгүндө жергиликтүү тургундар котормочулук, тейлөө жана башка кызматтарды көрсөтүп келишкен.

Америкалык аскерлер өткөн жумада Ооганстандагы эң ири аэродромду бошотуп беришкен. Вашингтон август айынын аягына чейин аскерлер толугу менен чыгып кетерин билдирген.

Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн арасында Германиянын аскер контингенти саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда болчу.

Вашингтон өткөн аптада Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын бийлигине кайрылып, эл аралык күчтөр менен кызматташкан 9 миңге чукул жергиликтүү жаранды убактылуу жайгаштырып турууну суранган. Аларга документтер даярдалып, АКШга жана Европага туруктуу жашоосун камсыздоо маселеси каралып жатканы айтылган.

Дагы караңыз

Чек ара жаңжалында жабыркагандар кенемте алды"Кумтөрдүн" жамааты "Центерранын" президентине жооп бердиИманалиев: Инандынын иши кийин "Батукаев-2" болушу мүмкүнКазынага акча төккөн Абжалиев парламентке кайттыОрусияда зордуктоого айыпталган министр бошотулду