Өзбекстанда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Үлпөт той өткөрүлүүчү ресторан. Өзбекстан.

Коронавируска каршы республикалык комиссиянын чечимине ылайык, массалык иш-чаралардын бардык түрлөрү, спорттук мелдештер, ошондой эле ачык жана жабык жайларда концерт, майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынды.

Спорттук мелдештер көрүүчүлөрү жок өткөрүлөт. 1-августтан тартып өлкөдө аш-той жана башка үй-бүлөлүк мааракелерди өткөрүүдө катышуучулардын саны 50 кишиден ашпасын деген чектөө киргизилет.

1-майдан тартып Өзбекстанда жабык жайларда концерт, спектаклдерди коюу бактылуу токтотулган.

Коронавируска каршы күрөшүү комиссиясы 28-июндан 12-июлга чейин Өзбекстанда карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү тууралуу чечим кабыл алган.

Дагы караңыз

Эрдоган: Орхан Инанды Түркияда камактаТажикстан 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялайтТбилисиде "Азаттыктын" грузин кызматынын журналисттерине кол салуу болду"Акаев менен Бакиевдин окшоштугу көп болду"Беларус Орусиядан ырчы Анжелика Агурбашты өткөрүп берүүнү сурандыОрусия: вакцина талабы, мигранттардын убайымыАктивист Улан Үсөйүн милицияга арыз жаздыТажик президенти Рахмондун кайненеси коронавирустан көз жумду