Тажикстан 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялайт

Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин жыйыны

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону тапшырды. Мындай тапшырманы Рахмон 5-июлда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коргоо министрине берди.

Тажик президентинин маалымат кызматы чек араны бекемдөө зарылчылыгы Ооганстандагы соңку кырдаалга байланыштуу жаралганын түшүндүрдү.

5-июлда Тажикстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы “Талибандын” жоочулары Бадахшан дубанынын Хохон, Шикай, Нусай, Мохимай, Шугнон жана Султан Ишкашим райондорун ээлеп алганын жарыялаган. Бадахшан аймагында Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 910 чакырымды түзөт.

Расмий эсеп боюнча, учурда 1500дөн ашык ооган аскерлери талибдер менен салгылаштан соң Тажикстандын аймагына кире качкан.

20 жылдан бери Ооганстанда террорчулукка каршы күрөшүп келген АКШ баштаган коалициялык күчтөр май айынан тарта аскерлерин чыгарып жатат. Кошмо Штаттардын бийлиги 11-сентябрга чейин өз жоокерлерин ооган жергесинен чыгара турганын билдирген.

Мындай шартта “Талибан” Ооганстандын түндүгүндөгү Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактагы бир нече районду басып алды. Согушкерлер соңку айда 143 районду басып алганын жарыяласа, Ооганстандын Ички иштер министрлиги мындай маалыматты четке кагууда.

Тажик бийлиги Ооганстандагы кырдаал күчөсө качкындар көбөйүшү мүмкүн экенин божомолдосо, Өзбекстан өткөн аптадан тарта аскердик машыгууларды баштаган.

Дагы караңыз

Тбилисиде "Азаттыктын" грузин кызматынын журналисттерине кол салуу болду"Акаев менен Бакиевдин окшоштугу көп болду"Беларус Орусиядан ырчы Анжелика Агурбашты өткөрүп берүүнү сурандыАктивист Улан Үсөйүн милицияга арыз жаздыТажик президенти Рахмондун кайненеси коронавирустан көз жумду