Коронавирустан дагы тогуз адам көз жумду, 1437 учур жаңы катталды

Коронавирусту аныктаган лабораториялардын бири.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 5-июлга карата коронавирустан тогуз адам каза болгонун кабарлады.

Көз жумгандардын үчөө Бишкекте, Ысык-Көлдө эки киши, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында бирден адам.

2020-жылдын март айынан бери 2046 киши оорунун курмандыгы болду.
Бир суткада 1 437 адамда вирус жаңы аныкталды.

Алардын басымдуусу - 924 киши Бишкекте.

2020-жылдын март айынан бери жалпы ооругандар 132 070 деп эсептелди.

Ооруканада 4 126 адам, үйүндө 11 589 киши дарыланууда. 176 кишинин абалы өтө оор. (BCh)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңештин иши дагы бир айга узардыБишкекте "Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу көргөзмө өтүп жататКыргызстандан мал экспорттоого уруксат берилдиЧукул кабар: күн катуу ысыйт