Жогорку Кеңештин иши дагы бир айга узарды

Жогорку Кеңештин депутаттары отурган имарат.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин бир айлык кезексиз сессиясы ачылды.

Буга чейин айрым депутаттар коронавирус пандемиясынан улам жана учурдагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында эмгек өргүүгө чыкпастан кезексиз сессияга чогулууну сунуштаган.

Парламенттин иши 30-июлга чейин регламентке ылайык жүрөт. Тактап айтканда, жуманын дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү комитеттердин жыйындары өтөт, шаршемби, бейшембиде сессия болот, ал эми жума күндөрү фракциялар чогулат.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы өткөн жумада жайкы эс алууга таркаган эле. (BCh)

Дагы караңыз

Кыргызстандан мал экспорттоого уруксат берилдиЧукул кабар: күн катуу ысыйт Балдардын мүрзөлөрү эски кылмыштарды ашкереледиАба ырайы: Күн 40 градуска чейин ысыйт