Жаңы-Өзөндө "КЕЗБИ" компаниясынын жумушчуларынын иш таштоосу уланууда

Иш таштаган жумушчулар. 30-июнь, 2021-жыл.

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында эмгек шартын жакшыртууну жана маянаны көбөйтүүнү талап кылып жаткан "КЕЗБИ" мунай компаниясынын жумушчуларынын иш таштоосу беш күндөн бери уланууда.

Алар иш таштоо башталгандан кийин түзүлгөн макулдашуу комиссиясынын ишине нааразы экенин билдирип жатышат.

Жумушчулар өлкө жетекчилигине видеокайрылуу жасап, президент Касым-Жомарт Токаевди, премьер-министр Аскар Маминди, ошондой эле Кесиптик кошуундар бирлигинин төрагасы Сатыбалды Даулеталин менен "КазМунайГаз” улуттук компаниясынын жетекчиси Алик Айдарбаевди алардын маселесине көңүл буруп, аны чечип берүүгө чакырышты.

Кайрылууда алар иш таштаган жумушчулардын талаптары аткарылгандыгы тууралуу жергиликтүү басылмалардагы маалыматтарды четке кагышты.

"КЕЗБИ" компаниясынын 600дөй жумушчусу 30-июнда эртең менен иш таштаган.

Алар эмгек шартын жакшыртуу жана маянаны жогорулатуудан тышкары сый акы төлөө системасын кайра карап чыгууну, майрам күндөр менен зыяндуу аймактагы жумуш үчүн кошумча акы төлөөнү, жумушчуларга карьералык жогорулоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүүнү, ден соолукту чыңдоо борборлоруна барууну уюштурууну, стандарттарга туура келген шаймандар менен камсыздоону, ошондой эле алар түзгөн кесиптик кошуундун ишине кийлигишпөөнү талап кылышууда.

"КЕЗБИ" компаниясы 1992-жылы түзүлгөн. Ал Мангистау облусундагы мунай компанияларына скважиналарды оңдоо боюнча кызмат көрсөтөт. Компанияда 27 бригада бар, 1200дөй киши иштейт.

Дагы караңыз

Филиппин: учак кырсыгынын курмандыктары 45ке жеттиИран "Дельта" штаммынан улам чектөөлөрдү күчөттүМАГАТЭнин башчысынын орун басары Тегеранга барат"Азатлык": Түркмөнстандын калкы кескин азайды Балдардын мүрзөлөрү эски кылмыштарды ашкереледи