Бишкекте "Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу көргөзмө өтүп жатат

Эрип бараткан Давыдов мөңгүсү. Иллюстрациялык сүрөт.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу көргөзмө коомчулуктун көңүлүн азайып бараткан мөңгүлөргө буруу, аларды сактап калуу, глобалдык жылуулук мезгилинде сууну сарамжалдык менен колдонууга чакыруу максатында уюштурулган. Саамалык 9-июлда аяктайт.

Аталган музейде 22-июндан тартып, «Муун байланыштырган өнөр» көргөзмөсү да өтүп жатат.

Экспозиция Александр Игнатьев жана анын үй-бүлөсү: жубайы Диль-Афруз Асылбекова, кызы Диль-Фируз, жана күйөө баласы Теодор Теодорович Герцендин сүрөттөрүнөн турат.

Александр Игнатьев (1906-1998) Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү. Анын чыгармачылыгы 1930-1970-жылдары Кыргызстанда көркөм өнөрдүн жаралышы жана өнүгүшү менен тыгыз байланышкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Ооганстандын дагы 94 аскери Тажикстанга кире качты Орусияда бир күндө 25 миңден ашуун адам коронавируска чалдыктыФилиппин: учак кырсыгынын курмандыктары 45ке жетти"Азатлык": Түркмөнстандын калкы кескин азайды Балдардын мүрзөлөрү эски кылмыштарды ашкереледи