84 жаштагы понтифик жекшемби күнү жоон ичегисине жасалган операциядан кийин өзүн жакшы сезип жатканын Ватикандын маалымат кызматы кабарлады. Расмий өкүл Маттео Бруни папанын операциясы алдын ала пландалганын, ал жалпы берилген наркозду "жакшы көтөргөнүн" айтты.
Рим папасы Франциск операцияга чейин бир нече саат мурун Ыйык Петр соборунда миңдеген адамдардын алдында сыйынуу жөрөлгөсүн өткөргөн. Сыйынуу учурунда папа сентябрь айында Словакияга, анын алдында Будапештке барууну көздөп жатканын айткан.
Бул - папанын 2013-жылы Римдеги католик чиркөөсүнүн башына келгенден берки алгачкы дарылануусу. «Би-Би-Синин» маалыматына караганда, 2014-жылы ал ашказан оорусунан улам бир канча иш-чараларга катыша алган эмес.
Дагы караңыз
Ооганстандын дагы 94 аскери Тажикстанга кире качты Жүздөгөн ооган жоокери Тажикстанга чегиндиОрусияда бир күндө 25 миңден ашуун адам коронавируска чалдыктыФилиппин: учак кырсыгынын курмандыктары 45ке жеттиИран "Дельта" штаммынан улам чектөөлөрдү күчөттүАКШ Эгемендик күнүн COVID-19 басаңдаган шартта белгилеп жататМАГАТЭнин башчысынын орун басары Тегеранга барат"Азатлык": Түркмөнстандын калкы кескин азайды