5-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;
Талас облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 21…26, күндүз 35…40;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 градус ысыйт.
5-июлда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 38…40° ысык болот.
Дагы караңыз
Балдардын мүрзөлөрү эски кылмыштарды ашкереледиКыргызстан Мамлекеттик катчы институтуна кайтты