COVID-19: Тажикстанда милдеттүү түрдөө эмдөө киргизилди

Дүйшөмбү шаарындагы аэропорт. 2021-жыл.

Тажикстандын бийлиги 18 жаштан жогорку жарандарды сөзсүз эмдөөдөн өтүүнү милдеттендирди. Өлкөдө эмдөөдө Индияда чыгарылган AstraZeneca, Кытайдын CoronaVac вакциналары колдонулуп жатат.

Коронавируска каршы республикалык штаб чет өлкөлөрдөн келген жарандарды ПЧР-тесттин жыйынтыгынан көз карандысыз түрдө 10 күн бою үйдөн чыкпоого чакырды. Штаб ошондой эле аш-тойлордо адамдардын санын чектөөнү сунуш кылды.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий саны жогору эмес. Саламаттыкты сактоо министрлиги 2-июлда 25 адам илдетке чалдыкканын, эки киши оорудан көз жумганын кабарлады.

Тажикстанда пандемия башталгандан бери коронавируска 13,5 миңдей адам чалдыккан, 92 киши оорудан каза тапкан. Көз карандысыз эксперттер чыныгы көрсөткүчтөр алда канча көп болушу ыктымалдыгын айтып келишет.

Республикада коронавируска чалдыккан алгачкы адам 2020-жылы 30-апрелде аныкталган.

Дагы караңыз

Кыргызстан Мамлекеттик катчы институтуна кайтты Дарыгерлер экинчи жолу пандемияда кесиптик майрамын белгилеп жатышатКыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан чек араны талкууладыЖогорку Рада аскер аялдарга мамиле үчүн кечирим суроону талап кылдыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиАзербайжан туткундагы армян аскерлерин мина карталарына алмаштыТажикстанга качып өткөн ооган аскерлери 300дөн ашты“Реформа” партиясы “Биздин Кыргызстанга” каршы арыз менен кайрылды