Жогорку Рада аскер аялдарга мамиле үчүн кечирим суроону талап кылды

Аскер аялдар Украинанын Эгемендүүлүк күнүндөгү парадда. Киев. 24-август, 2020-жыл

Украинанын Коргоо министрлиги сайтына өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата аскер парадына даярдыктан сүрөттөрдү жарыялаган. Анда аскердик окуу жайлардын курсант кыз-келиндери бийик такалуу бут кийим кийип жүрүшкөнү тартылган.

Жогорку Раданын вице-спикери Елена Кондратюк жана башка депутаттар бул көрүнүштү кескин сынга алып, Коргоо министрлигинен аскер кыз-келиндерден кечирим суроону жана мындай мамилеге кызматтык иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.

Депутат Марина Бардина “Фейсбуктагы” баракчасына коргоо министри Андрей Таран менен бул темада сүйлөшкөнүн, аскер аялдар парадга башка бут кийим менен чыгарын жазды. Депутат ошондой эле украин аскеринде гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча мыйзамдарды кабыл алуу каралып жатканын, үч мыйзам катталганын билдирди.

Украинанын аскер күчтөрүндө 31 миңден ашуун кыз-келиндер кызмат кылат, алардын 4100 ашууну офицерлер. 2014-жылкы өзгөрүүлөрдөн кийин куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн аялдардын саны эселеп көбөйгөнү кабарланган.

Дагы караңыз

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиАзербайжан туткундагы армян аскерлерин мина карталарына алмашты“Реформа” партиясы “Биздин Кыргызстанга” каршы арыз менен кайрылдыӨзбекстан: шайлоого жакын тазаланган "жол" COVID-19: Акыркы суткада он киши каза тапты, 1401 кишиге жуктуОшто жоголгон эки жашар кызды уурдоого шектүү кармалды"Реформа" партиясы "Келечек-Будущее" партиясын жоопко тартууну талап кылууда