Тажикстанга качып өткөн ооган аскерлери 300дөн ашты

Ооганстан менен чек арадагы тажик аскерлери.

Ооганстандын түндүгүндөгү талибдер басып алып жаткан аймактардан 300дөн ашуун аскерлер Тажикстанга качып өтүштү. Бул тууралуу Тажикстандын Чек ара кызматы 3-июлда кабарлады.

Жоокерлер Тажикстандын Хатлон облусундагы Шамсиддин Шохин районуна качып өтүштү. Ушуну менен Ооган коопсуздук күчтөрүнүн аскерлери акыркы эки жума аралыгында үчүнчү жолу Тажикстанга качып киришти. Маалыматта айтылгандай, кырдаал Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадахшан провинциясындагы бир катар айылдарды жана чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин курчуган.

"Талибан" кыймылы акыркы аптада ондогон аймактарда бийлигин орнотту. Бул АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстандан аскерлерин чыгарып жаткан учурда болууда. Эл аралык күчтөрдүн биротоло чыгарылышы өлкө борбору Кабулдагы өкмөттүк бийлик талибдер тарабынан кулашына алып келиши ыктымалдыгы айтылууда.

Тажикстан курамына кирген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башчысы Ооганстандагы кырдаал курчуп баратканы кабатырлантып жатканын, тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн кошумча колдоо зарылчылыгы мүмкүн экенин 3-июлда журналисттерге билдирди.

Ооганстандан аскерлерин чыгарып жаткан учурда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 1-июлда Өзбекстандын жана Тажикстандын элчилери менен жолугуп, ооган маселеси тууралуу сүйлөшкөн.

Дагы караңыз

“Реформа” партиясы “Биздин Кыргызстанга” каршы арыз менен кайрылдыӨзбекстан: шайлоого жакын тазаланган "жол" COVID-19: Акыркы суткада он киши каза тапты, 1401 кишиге жуктуБир мандаттуу ыкма: тең укуктуулук сакталабы?Парламент БШКнын мүчөлөрүн шашылыш бекитти"Реформа" партиясы "Келечек-Будущее" партиясын жоопко тартууну талап кылууда"Жаштардын көңүлүн билимге бургубуз келет"