“Реформа” партиясы “Биздин Кыргызстанга” каршы арыз менен кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

“Реформа” партиясы “Биздин Кыргызстан” партиясын административдик ресурс колдонду деген себеп менен шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопко тартууну талап кылууда. Мындай мазмундагы арыз менен “Реформа” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 3-июлда кайрылды.

“Реформа” арызында “Биздин Кыргызстан” партиясы Бишкек, Ош шаардык кеңештерге шайлоого жүргүзгөн үгүт иштерине Жогорку Кеңештин депутаты, партиянын лидери Айбек Осмоновду пайдаланганын билдирген. Партиянын лидери Клара Сооронкулова муну административдик ресурс деп сыпаттады:

“Айбек Осмонов партиянын лидери болгону менен Жогорку Кеңештин депутаты. Ал парламенттин каржылоосу менен Түркияга барып, бир катар жетекчилерге жолугуптур. Анда түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болуптур. “Биздин Кыргызстан” партиясы лидеринин бул сапарын соцтармактардагы баракчаларына жайгаштырып, үгүт катары пайдаланып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты бюджеттин эсебинен чет мамлекетке барганын үгүт катары пайдалануу – административдик ресурска жатат”.

Партиянын кайрылуусунан улам, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Биздин Кыргызстан” партиясына эскертүү берген. Ага ылайык, партиянын лидери Айбек Осмоновдун Түркияга сапары тууралуу маалыматтар маалымат каражаттарынан жана соцтармактардагы партиянын баракчаларынан алынды. Бул тууралуу “Биздин Кыргызстан” партиясынын лидери Айбек Осмонов “Азаттыкка” билдирди:

“Мен Жогорку Кеңештин депутаты катары Түркияга өз эсебимден бардым. Иш сапарым тууралуу мен “Фейсбуктагы” баракчама жарандык укугумдан пайдаланып, партиянын атын атабай эле жазып, жарыялагам. Аны биздин партиянын тарапкерлери, блогерлер бөлүшкөн экен. Шайлоо комиссиясынын эскертүүсүнөн кийин ал маалыматтар алынды”.

Буга чейин аталган партия Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына кайрылып, "Келечек-Будущее" партиясын көп аял алууга үгүттөгөнү үчүн шайлоо мыйзамдарынын негизинде жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо болот. Үгүт иштери 21-июндан тарта жүрүүдө. Бишкек шаардык кеңешине 18 партия ат салышууда.(ZKo)

Дагы караңыз

COVID-19: Акыркы суткада он киши каза тапты, 1401 кишиге жуктуБир мандаттуу ыкма: тең укуктуулук сакталабы?Парламент БШКнын мүчөлөрүн шашылыш бекиттиОшто тургундар темир заводу абаны булгап жатканын айтышуудаОшто жоголгон эки жашар кызды уурдоого шектүү кармалды"Реформа" партиясы "Келечек-Будущее" партиясын жоопко тартууну талап кылууда