COVID-19: Акыркы суткада он киши каза тапты, 1401 кишиге жукту

Автобустун кире беришиндеги жазуу. Бишкек. Май, 2021-жыл.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалымдашынча, 3-июлда илдеттен 10 адам көз жумду. Анын ичинде 5 адам Бишкекте, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1 адам катталды.
Жалпысынан оорудан көз жумгандардын саны 2037 адамга жетти.

Акыркы суткада коронавирус 1401 адамдан табылды.

Бишкек шаарында – 907;
Ош шаарында 50;
Чүй облусунда – 175;
Ош облусунда – 20;
Талас облусунда – 13;
Нарын облусунда – 17;
Ысык-Көл облусунда – 32;
Жалал-Абад облусунда – 105;
Баткен облусунда – 82 адам.

Ушуну менен коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 130 633 адам болду. Оорудан жалпысынан 112 644 адам сакайды.

Коронавирус Кыргызстанда 2020-жылы 23-мартта алгачкы жолу катталган. (ZKo)

Дагы караңыз

Парламент БШКнын мүчөлөрүн шашылыш бекиттиКочкордон табылган байыркы буудайОшто тургундар темир заводу абаны булгап жатканын айтышуудаОшто жоголгон эки жашар кызды уурдоого шектүү кармалды"Реформа" партиясы "Келечек-Будущее" партиясын жоопко тартууну талап кылууда"Жаштардын көңүлүн билимге бургубуз келет"Кара-Кулжада селден 11 турак жай жабыркадыЧоң базарда алданган жоош келин