2-июлда кечки саат 18:30 чамасында Кара-Кулжа районундагы Күйөө-Таш айылында сел жүрүп, 11 турак жай жана 250метр ички чарбалык жол жабыркады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары аймактагы жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо адам өмүрүнө зыян келтирген эмес. Тазалоо иштерине жергиликтүү тургундар да тартылды.
1-июль күнү саат 19:00 чамасында Алай районунда да катуу жааган жаандан кийин Гүлчө айыл аймагында сел жүргөн болчу. Анда Курманжан-Датка айылындагы 6 үйдүн короолорун сел каптаган. (MrA)
Дагы караңыз
Жогорку Кеңеш июль айында кезексиз жыйындарын өткөрөтАба ырайы: күн катуу ысыйт Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков кызматтан алындыТажикстанда чек арадагы жаңжалда кыйраган үйлөр жаңыланды