Орусияда беш күндөн бери коронавирустан каза тапкандардын саны болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Акыркы суткада өлкөдө 697 адам вирустан көз жумду. 3-июлга карата ооруга жаңы чалдыккандардын саны 24 439 адамга жетти. Акыркы суткада 17 899 адам сакайган.
Пандемия башталгандан бери Орусияда 5 млн. 585 262 адам ооруга чалдыкты. 137 262 адам илдеттен көз жумду. Көз карандысыз адистер коронавирустан көз жумгандардын чыныгы саны бул көрсөткүчтөн үч эсе көп болушу ыктмалдыгын айтышууда.
2019-жылы Кытайдын Ухань шаарынан чыккан COVID-19 вирусу кыска аралыкта жалпы дүйнөнү каптады. Ооруга дүйнө жүзү боюнча 185 млн. чукул адам чалдыгып, 3 млн. 980256 адам көз жумду.
Бул аралыкта Орусиянын өзүндө коронавируска каршы "Sputnik V", "Sputnik Light", "Кови-Вак" жана "Вектор" деген вакциналар иштелип чыкты.
Дагы караңыз
Жогорку Кеңеш июль айында кезексиз жыйындарын өткөрөтАба ырайы: күн катуу ысыйт Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков кызматтан алындыТашкентте кайрадан COVID-борборлор ачылуудаКочкордон табылган байыркы буудайТажикстанда чек арадагы жаңжалда кыйраган үйлөр жаңыландыБишкек шайлоо комиссиясынын төрагасы алмаштыПентагон: "Баграм" аскер базасын өткөрүп берүү маанилүү окуя болгонКанадада демонстранттар ханышалардын эстелигин кулатты