Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы 3-июлда маалымдады. Анда Оңолбеков жүрүм-туруму үчүн судьялык ыйгарым укугунан мөөнөтүнөн мурда бошотулганы айтылат.
Садыр Жапаров 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп, иш бөлмөсүнө кире албай жаткан судьянын тартылган видеосу көрсөтүлгөн. Ал Чүй облустук сотунун төргасы Дамирбек Оңолбеков экени белгилүү болгон. Жапаров бул окуяга байланыштуу аны кескин сындаган эле.
Жапаровдун сынынан көп өтпөй Соттор кеңеши президентке Оңолбековдун судьялык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуш берген.
Оңолбеков өзү маалымат агенттиктерине берген комментарийинде жыйында көрсөтүлгөн видео 2020-жылы 4-июлда (ишемби) тартылганын билдирген.
Оңолбеков мурда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун судьясы болуп иштеген. Ал Кыргызстандын тарыхындагы эң узак жана чуулганду апрель окуясын териштирип, 2014-жылы 25-июлда өкүм чыгарган. Анын негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиев жанан анын бир тууганы, Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан соттолгон. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен деп табылып, 10 жылга сыртынан кесилген. Ошол күнү жалпысынан 14 адамга өкүм угузган.(ZKo)
Дагы караңыз
Ташкентте кайрадан COVID-борборлор ачылуудаАба ырайы: күн катуу ысыйт Кочкордон табылган байыркы буудайТажикстанда чек арадагы жаңжалда кыйраган үйлөр жаңыландыБишкек шайлоо комиссиясынын төрагасы алмаштыПентагон: "Баграм" аскер базасын өткөрүп берүү маанилүү окуя болгонКанадада демонстранттар ханышалардын эстелигин кулаттыЛитва мигранттардын агымынан улам өзгөчө кырдаал жарыялады