Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Чорку аймагында чек арадагы куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөр жаңыдан курулуп бүттү.
2-июлда жаңы үйлөрдүн ачкычтары ээлерине салтанаттуу түрдө тапшырылды. Иш-чарага Согди облусунун төрагасы Ражаббай Ахмадзода катышты. Анын айтымында, чек ара жаңжалында 29 үй жабыркаган. Жаңыланган үй ээлерине азык-түлүк, кийим-кече жана айрым тиричилик техникалары кошо берилгенин "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.
Үйлөрдү жаңылоого мамлекеттен тышкары коомдук уюмдар жана жергиликтүү эл салым кошкону айтылды. Куруучулардын маалымдашынча, жаңы турак-жай эки бөлмө, коридор жана верандадан турат. Ар бир үйгө кеминде 130 миң сомони (11394.08 доллар) сарпталган.
28-апрелден 1-майга чейинки аралыкта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгогон эле.
Дагы караңыз
Бишкек шайлоо комиссиясынын төрагасы алмаштыПентагон: "Баграм" аскер базасын өткөрүп берүү маанилүү окуя болгонКанадада демонстранттар ханышалардын эстелигин кулаттыЛитва мигранттардын агымынан улам өзгөчө кырдаал жарыялады"Бийлик атаандаштарына басым кылууда"Өзбекстан “Twitter”, “TikTok” жана “ВКонтакте” ишин чектедиКалининградда мигранттарга таксист жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салынды