Чехияда көз жумган кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилет

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Австриядагы элчилиги Чехияда каза болгон 32 жаштагы кыргызстандык Адилет Сейитбековдун туугандары менен байланышты. Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, элчиликтин кызматкери маркумдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө жана анын сөөгүн мекенине жеткирүү иштерин уюштуруу үчүн Чехияга жөнөп кетти.

20-июндан 21-июнга караган түнү Чехиянын борбору Прага шаарында кыргызстандык Адилет Сейитбеков киши колдуу болгон. Ал 3,5 жыл мурун Чехияга иштегени келген.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Чехияда жашап-иштеген кыргызстандыктардын саны беш миңден ашуун. Алардын саны акыркы жылдары кескин көбөйгөн. Басымдуу бөлүгү эмгек миграциясында жүргөндөр. (ZKo)

Дагы караңыз

Түркияда зомбулукка каршылар митингге чыктыКыргызстан адам сатууга каршы күрөштө эки баскычка көтөрүлдүКамчыбек Ташиев дарылануу үчүн чет жакка чыгып кеттиПандемия учурунда Кыргызстанда 108 медицина кызматкери каза болдуЧолпонбек Абыкеев Мамлекеттик катчы болуп дайындалдыКыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыя берип баштады