Пандемия учурунда Кыргызстанда 108 медицина кызматкери каза болду

Вирус аныктоочу лабораториянын кызматкери. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.

Коронавирус алгач аныкталган былтыр март айынан бери Кыргызстанда 108 медицина кызматкери илдеттен көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Бүгүнкү күнгө чейин 33 маркумдун үй-бүлөсүнө гана мамлекет тарабынан убада кылынган 1 млн. сом кенемте берилген. Калгандары ала элек.

Маалым болгондой, 2020-жылы кыргыз өкмөтү иш учурунда коронавирус жуктуруп, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте берилерин убада кылган.

Быйыл 11-январда бул сумма өзгөрүп, 2,8 млн. сомго көтөрүлгөн. Маркумдун иш учурунда вирус жуктуруп, көз жумганын далилдөө үчүн анын жакындары тиешелүү документтерди чогултууга тийиш.

Пандемия башталгандан бери илдетке 5 505 медицина кызматкери чалдыккан. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 127 миң 880 кишиге жукту. Анын 111 миң 269у айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 2019 адам кайтыш болду. (ZKo)

Дагы караңыз

"Кабар" агенттигинин мурдагы жетекчиси Станбек Усупов көз жумдуЧолпонбек Абыкеев Мамлекеттик катчы болуп дайындалдыТүркия Стамбул конвенциясынан расмий түрдө чыктыКыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыя берип баштадыКыргызстандын Кумтөрдөгү акциясынын наркы бир жылда 1 млрд. доллардан 600 млн. долларга түштүАлматыда Кытай консулдугунун алдына акцияга чыккандар бошотулдуУКМК депутат Жанарбек Акаевди суракка чакырдыЫсык-Көл: майыптыгы бар кызды зордуктаган киши 10 жылга кесилди