"Кабар" агенттигинин мурдагы жетекчиси Станбек Усупов көз жумду

Станбек Усупов.

Журналист Станбек Усупов 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги кабарлады.

Станбек Усупов 1934-жылдын 5-майында Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында туулган. 1958-жылы Казак мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

С.Усупов эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде адабий кызматкер катары баштап, бөлүм башчы, редактордун орун басары, редактор болуп иштеген.

1967–1970-жылдары КПСС БК алдындагы Коомдук илимдер академиясынын журналистика боюнча аспирантурасында окуп, тарых илимдеринин кандидаттык даражасына диссертация жактаган.

1971–1974-жылдары – “Ысык-Көл правдасы” гезитинде редактор, 1976-жылга чейин “Советтик Кыргызстан” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген.

Кийинчерээк, 1976–1986-жылдары – “Кыргызстан коммунисти” журналынын башкы редактору, 1986-1992-жылдары Кыргыз телеграф агенттигинин (Кыргыз ТАГдын) директору болуп иштеген. Бул агенттик кийин "Кабар" улуттук маалымат агенттиги болуп түзүлгөн.

Ал 2000-жылдан тарта К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө жана факультетинде профессордук милдетин аткарган. Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн 1981-жылы ал “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган, ошондой эле ар түрдүү жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

1988-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген журналисти” ардактуу наамына татыктуу болгон. “Кыргызстандын элге билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси жана “Даңк” медалы менен сыйланган.

Станбек Усупович көп жылдар бою СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Маданият министрлиги тараткан некрологго Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик администрациянын, Министрлер кабинетинин, Маданият министрлигинин өкүлдөрү кол койгон. Алар Усуповдун жакындарына көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдиришет. (ErN)

Дагы караңыз

Чолпонбек Абыкеев Мамлекеттик катчы болуп дайындалдыБалбай Алагушев тирүү энциклопедия болчуОрхан Инандынын жубайы президентке үчүнчү ирет кайрылды