Индияда коронавирус 400 миңден ашык кишинин өмүрүн алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Индияда коронавирустун кесепетинен каза болгондордун расмий саны 400 миңден ашты. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, соңку бир суткада 853 адам көз жумду. Алгач Индияда аныкталган вирустун “Дельта” варианты учурда дүйнөгө тарап жатат. Соңку күндөрү Азиянын бир катар өлкөлөрү чектөөлөрдү күчөтүүдө.

“Дельта” варианттын жайылышынан улам ушул айдын аягында башталчу Жапониядагы жайкы Олимп оюндары күйөрмансыз өтөбү деген коркунуч турат. 2-июлда Yomiuri гезити Олимпиаданын уюштуруучулары спорттук мелдештерге күйөрмандардын киришине тыюу салууну көздөп жатканын жазып чыкты.

Пандемиянын кесепетинен бир жыл кечигип өтүп жаткан Олимп оюндары 23-июлда башталат. Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга мелдештерге көрөрмандарды катыштыруу жана Токио баштаган бир нече аймактагы өзгөчө кырдаалды алуу боюнча чечим кийинки аптада кабыл алынарын билдирди.

Пандемия башталгандан бери COVID-19 вирусунан төрт миллиондой киши каза болгону расмий кабарланды. Бирок Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү иш жүзүндө ковид курмандыктарынын саны эки-үч эсе көп болушу мүмкүн деп эсептешет.

Дагы караңыз

COVID-19: Жаңы аныкталгандар "кара июлдагы" көрсөткүчтөргө жеттиКыргыз-тажик жаңжалында жабыркагандар салыктан бошотулдуБишкектин бир катар бөлүгү жарыксыз калдыТалап-тоноонун, бийлик талаштын жылдары…АКШнын мамкатчысы өзбек жана тажик тышкы иштер министрлери менен жолукту