Кыргыз-казак чек арасында 100дөн ашуун автоунаа өтө албай турат

"Ак-Тилек" бекети. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кыргыз-казак чек арасындагы жагдай тууралуу билдирүү таратып, абалды жалпы жонунан туруктуу деп баалады.

Мекемеден кабарлашкандай, өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатышат. “Ак-Тилек-автожол” бекетинин авторанспорттордун анча чоң эмес топтолуусу байкалууда. Оор жүк ташуучу 119 автомашине кезекте турат.

Чек ара кызматы транспорттордун топтолушу кайталанма мүнөзгө ээ экенин, жүк ташуу көбөйгөн кезде, өзгөчө эс алуу күндөрү жана базар кызыган күндөрү арбый түшөрүн маалымдайт.

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин кошумчалайт. Мекеме ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы башка чек ара бекеттеринде автотранспорттордун кезекке туруусу байкалбаганын билдирүүдө.

Кыргыз-казак чек арасында "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Чоң-Капка", "Каркыра" бекеттери бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт. (ErN)

Дагы караңыз 300 миңдей шайлоочунун жашаган жери тууралуу маалыматы туура эмес болуп чыкты
Дагы караңыз Иштен кыскартылган кызматкердин үч айлык маянасы төлөнөт
Дагы караңыз Орусияда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган жумушчулар бармак изин тапшырууга милдеттендирилет