Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев жетекчилик кылган дарыгер, адисттерден турган топ түздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Атайын даярдалган дарыгерлер тобу күнүгө саат 9:00дөн тарта кечки саат 18:00гө чейин онлайн медициналык кеңеш беришет. Дарыгерлердин тизмеси жана телефон номурларын көрүү үчүн бул жакты басыңыз.
Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 1-июлда 1 392 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Акыркы суткада коронавирустан 9 адам көз жумду. Илдеттен жалпы 2009 адам каза болду. (TSh)
Дагы караңыз
COVID-19: жаңы штамм дүйнөнү сестенттиКамактагы Василий Дашков ооруканага жаткырылдыКанадада аптаптан бир жумада 500дөй киши каза болдуАсанбеков менен Мамытканов Кыргызстандын атынан ЕЭКте министр болуп бекидиМузыка изилдөөчү, журналист Балбай Алагушев дүйнө салды