Коронавирус инфекциясынан бир суткада тогуз киши каза болду, дагы 1 392 кишиге оору жукту. Эпидемиологиялык кырдаал улам курчуп барат. 20-июнда келет делген Кытайдын вакцинасы эми 15-июлга чейин келиши мүмкүн деп айтылууда. Кыргызстанга вакцинаны алып келүү эмнеге кечигип жатат?
Кыргызстанда "кызыл зонада" орундар калбай, күнүгө вирустан каза болгондор көбөйүп барат. Жыл башынан бери 300 миңге жетпеген гана доза вакцина келип, 100 миңден ашуун адам эмделди.
Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова алгачкылардан болуп вакцина сайдырган. Бирок анын тааныш, жакындары азыр эмделе албай убара.
"Мен өзүм го башында эле барып кытайдын вакцинасын сайдырып алгам. Антиденечени текшертсем, өтө аз экен. Бирок менин тааныштарым, жакындарым азыр вакцинаны күтүп, таба албай убара болуп жатышат. Арасында улгайган адамдар да бар. Кээ бири ооруп стационарларда жатса, айрымдары каза болуп да калды. Азыркы тапта вакцина өлкөдөгү номур биринчи маселе болуп турат. Буга саламаттык сактоо министри гана жооптуу. Ал лидер боло алган жок. Мекемелердин башын бириктирип, оперативдүү башкара албай жатат. Чет жактан беребиз деген вакцинага учак жиберип алдыра албай, ишке жараксыздыгын көрсөтүп отурат".
Вакциналардын келер күнү так эмес
Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина келери былтыр декабрдан бери эле айтылып жатат. Январда эл аралык COVAX программасы менен Pfizer/BioNTech компаниясынын вакцинасы сунушталып, бирок аны сактаганга ылайык -70 градустук муздаткычтар жок болгондуктан бийлик баш тарткан эле. Андан соң март айына чейин Оксфорд университетинин AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасы берилери кабарланган. Эмдөө өнөктүгү Орусиянын "Спутник V" жана Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен 29-мартта башталган.
Эми бийлик Кытайдан 1,1 млн. доза вакцина алууга бюджеттен акча бөлүнгөнүн жар салды. Бирок, ага чейин эле 20-июнда өлкөгө келет делген 150 миң доза Sinopharm вакцинасы качан келери белгисиз.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова буларга токтолду:
"Ооба, Кытай Эл Республикасы бизге гуманитардык жардам катары беребиз деген 150 миң доза вакцина 20-июнга чейин өлкөгө келет деп күткөнбүз. Бирок Кытай менен сүйлөшүүлөр учурунда алар вакцинаны бекер бергени менен алып келүү маселесин өзүбүз чечишибиз керек эле. Биз жардам сурап UNICEF уюмуна кайрылдык. Ал уюм вакциналарды ташып келүүнүн милдетин алгандан тарта Кытай менен сүйлөшүүлөргө биздин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, же Тышкы иштер министрлиги кийлигише албай калат экен. Биз өкмөттөн талап кылынган документтерди эле берип жатабыз. Өндүрүүчү менен сүйлөшүүлөрдү UNICEF жүргүзүп жатат. Эми 5-июлга чейин келет деген жооп алдык", - деди.
Дагы караңыз “Кызыл зонада” кырдаал оорСынга кабылган министр
Эл аралык уюмдар, чет мамлекеттер менен сүйлөшүүдө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин чабал саясатын сындагандар четтен чыгат.
Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жоопкерчилиги парламентте байма-бай көтөрүлүп, ага ишенбөөчүлүк да көрсөтүлгөн.
Ал эми 30-июндагы отурумда вице-спикер Аида Касымалиева баш болгон бир нече депутаттар өлкөдө коронавирустун тездик менен жайылуусуна Бейшеналиевди түздөн-түз айыптап, жапырт эмдөө боюнча иш алып барбай, "уу коргошун" чуусу менен "элдин башын" айлантып жатканын айтышкан.
"Бул жерде министрдин жеке күнөөсү жана шалаакылыгы. Ошондой эле, штабды башкарган жетекчиликтин күнөөсү. Силер алдап жатасыздар, мурда эле вакцинаны алып койсо болмок. Коңшу Өзбекстан, Казакстанды алсак, 6-7 миллион элди эмдөөдөн өткөрдү. Силер жумушту жакшы аткарган жоксуңар, адамдардын өлүмүнө министрдин күнөөсү бар. Аконит деп туруп алды. Ооруп жүрүп жумушка келип алды. Ушунчалык уяты жок адам экен. Аконит деп башты айлантты”, - деди Касымалиева.
Аталган министрликтин байкоочу кеңешинин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева мекемеде азыр дүйнөлүк деңгээлде иш алып барчу дараметтүү адистер жок деген ойдо:
"Министрликте тынымсыз эле реформа, ротация болуп жатат. Кадрлардын да башы айланып, кесипкөйлөрү калбай калды. Өзбекстан вакцинаны алып келүү жаатында эмне кылды? Алар Кытайга атайын учакты алып барып коюп коюшту. Ташып келүүдө бир да көйгөй жаратышкан жок. Бизде бул маселенин милдетин эч ким албай эле Саламаттык сактоо министрлигине түртө салып койгон. Болбосо, Тышкы иштер министрлиги да бул ишке шымаланып киришип, жардам берсе болмок да. Өкмөттүн бардык тармагы бирдей иштегенде мындай кыйынчылык жаралмак эмес".
Эмдөө ылдамдыгы өлкөдө арбыбай жатканына бийликтин жоопкерчиликтен коркуп, тайсалдап жатышы да себеп болуп жатканын айрым эксперттер айтышууда.
"Сорос Кыргызстан" фондунун Коомдук саламаттык боюнча координатору Айбек Мукамбетов жыл башында дүйнөлүк коомчулукта айрым вакциналар канды уютуп, өлүмгө алып барат деген маалыматтар таркап, ушундан улам чочулоо болгон деген пикирде.
"Февраль айында массалык маалымат каражаттарында Европадагы вакциналардан отуздай адам каза болгону тууралуу маалыматтар таркап кетти. Дал ушундай негативдүү кабарлардан улам биздин бийлик COVAX программасы менен келчү вакциналардан тайсалдап, башка варианттарды күтүп, убакыт өтүп кетти деген ойдомун. Себеби пандемияга карата көрүлгөн иш аракеттер ошондо да катуу сынга алынып жаткан. Анан ага кошумча эмдөөдөн келип чыкчу кесепеттердин милдетин алуудан чочулашкандай. Эгерде ошондо сунуш кылынган вакцинаны алып келип коюп, анан кайсы топту эмдөө чечимин кабыл алса, азыркыдай оорунун үчүнчү толкуну оор болмок эмес го деп божомолдоп жатам".
Британия кийинки жылы 100 миллиондон ашык вакцина дозасын дүйнөдөгү жакыр өлкөлөргө таратып берери маалым. АКШнын президенти Жо Байден 1,5 млрд. доза вакцина менен бөлүшөрүн айткан. Бирок азыр кыргыз бийлигинде байгер өлкөлөрдөн вакцина алуу жаатында кандай сүйлөшүү болуп жатканы тууралуу маалымат жок.
Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 1-июлда 1392 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды, тогуз адам көз жумду. Жалпы каза болгондордун саны 2009 кишиге жетти.