Гаага соту Милошевичтин эки үзөңгүлөшүн 12 жылга кести

Йовица Станишич жана Франко Симатович сот залында

Гаагадагы аскердик трибунал мурдагы Югославиянын атайын кызматынын экс-жетекчилери Йовица Станишич жана Франко Симатовичти 12 жылга кести. Мындай чечимди эл аралык сот 30-июнда кабыл алды.

Югославиянын президенти Слободан Милошевичтин колунда иштеген 70 жаштагы Станишич жана 71 жаштагы Симатович 90-жылдардагы Балкан согушундагы аскердик кылмыштарга айыпталган.

Прокурорлор алар жетектеген атайын кызмат 1992-1995-жылдары куралданган топторду түзүп, бир катар кылмыштарды жасаганы боюнча далилдерди таап чыгышкан.

Мурдагы аскер жетекчилери алгач акталып, кийин БУУнун Гаагадагы аскер трибуналы ишти кайра кароону милдеттендирген болчу.

Дагы караңыз

Кытай Коммунисттик партиянын 100 жылдыгын белгилеп жататЖалал-Абаддан Ысык-Көлгө аба каттамы жандандыПрезидент Жапаров "Алтын сертификат" ээлерин куттуктадыАксыда алты адамдын өмүрүн алган уулануу иши сотко өттүМузыка изилдөөчү, журналист Балбай Алагушев дүйнө салды