Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө аба каттамы жанданды

Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту

Бүгүн, 1-июлда Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна 8 жылдан бери алгачкы жолу Жалал-Абаддан жүргүнчү ташыган учак конду.

«Тез жет» авиакомпаниясы Жалал-Абад - Тамчы багытында 91 жүргүнчүнү, анын ичинде 13 баланы алып келип, кайра Тамчы - Жалал-Абад багыты боюнча 11 жүргүнчүнү алып кетти.

Жалал-Абад - Тамчы аба каттамы жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү каттайт.
Буга чейин аталган багыт боюнча аба каттамы 18-июндан тарта жүргүзүлөрү кабарланып, бирок ишке ашкан эмес.

Жалал-Абаддан Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата, Каракол шаарларына 2000-жылга чейин бир жылдай учак каттаган. Кийин жайында гана мезгилдик авиакаттам уюштурулуп, акыркы каттам 2013-жылы аткарылган.

“Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, туристтик сезонго байланыштуу Ысык-Көлгө каттамдар чет өлкөлөрдөн да жанданууда. Буга чейин Орусиядан жана Казакстандан учактар каттап турган. Өзбекстандын Ташкент шаарынан быйыл алгачкы учак 11-июлда учуп келет. “Өзбекстан аба жолдору” компаниясынын учагы туристтик сезон маалында Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортуна жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү учуп келип-кетип турат. Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөт.

Тамчы аэропортунун курулушу 1975-жылы башталган жана толук пайдаланууга 2003-жылы берилген. Ал Чолпон-Ата шаарынан 35, Тамчы айылына беш чакырым алыстыкта жайгашкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров "Алтын сертификат" ээлерин куттуктадыАксыда алты адамдын өмүрүн алган уулануу иши сотко өттүМузыка изилдөөчү, журналист Балбай Алагушев дүйнө салдыШвециядагы журтташтардын өтүнүчү Чүйдүн Москва районунун акиминин орун басары кармалдыТүркия коронавируска байланышкан чектөөлөрдү алды "Коопсуз шаар" боюнча кытайлык ишкананын келишими узартылды“Центерранын” президенти Кумтөргө байланыштуу өкмөт койгон айыптарга жооп бердиМинистрлер кабинети Баткен облусуна өзгөчө макам берүү маселесин карадыУКМКдагы кылмыш ишти кыскартууга убада берген алдамчылар кармалды