АКШнын мурдагы коргоо министри Дональд Рамсфельд дүйнө салды

Дональд Рамсфельд

АКШнын мурдагы коргоо министри Дональд Рамсфельд 88 жаш курагында дүйнө салды. Ал cоңку жылдары ооруп жүргөн.

Рамсфельд 1975-1977-жылдары Жеральд Форд президент кезинде эң жаш коргоо министри катары иштесе, 2001-жылы кенже Жорж Буш президенттикке шайланганда экинчи жолу Пентагонду башкарган.

Ал министр болуп турганда 2001-жылы 11-сентябрда АКШ террордук чабуулдарга туш болгон. Мындан соң Дональд Рамсфельддин жетекчилиги менен Кошмо Штаттар Ооганстанда террорчулукка каршы операцияларды баштаган.

Кийин 2003-жылы америкалык аскерлер Багдадга кирип, Саддам Хусейндин режими кулатылган эле.

Дональд Рамсфельд Пентагонду жетектеген эң таасирдүү адамдардын бири катары саналчу.

Дагы караңыз

Кытай Коммунисттик партиянын 100 жылдыгын белгилеп жатат"Токтогулда" суунун көлөмү 11 млрд. кубдук чектен жогоруладыГаага соту Милошевичтин эки үзөңгүлөшүн 12 жылга кестиЖалал-Абаддан Ысык-Көлгө аба каттамы жандандыПрезидент Жапаров "Алтын сертификат" ээлерин куттуктады