Музыка изилдөөчү, журналист Балбай Алагушев дүйнө салды

Балбай Алагушев. Бишкек. 2008-жыл.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциклопедист, адабиятчы, сынчы, жыйноочу, радио-теле журналист Балбай Алагушов 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Алагушев “Кыргыз музыкасы" энциклопедиясынын жана башка алтымышка жакын китептин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору.

1997-жылдан 2011-жылга чейин “Эркин Европа-Азаттык” радиосунун Бишкектеги бөлүмүндө штаттан тышкары кабарчысы болуп иштеди. Ал “Талант тагдыры”, “Күүлөр баяны”, “Ырдап кой” аттуу музыкалык түрмөктөр аркылуу угармандарга залкар шайырлар жөнүндөгү баяндамаларды, эскерүүлөрдү, ыр-күүлөрдүн тарых-таржымалы тууралуу айтып берип турган.

Балбай Алагушов 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган.

Дагы караңыз

Чүйдүн Москва районунун акиминин орун басары кармалдыТүркия коронавируска байланышкан чектөөлөрдү алды "Коопсуз шаар" боюнча кытайлык ишкананын келишими узартылдыШвециядагы журтташтардын өтүнүчү “Центерранын” президенти Кумтөргө байланыштуу өкмөт койгон айыптарга жооп бердиПрезидент Жапаров "Алтын сертификат" ээлерин куттуктадыМинистрлер кабинети Баткен облусуна өзгөчө макам берүү маселесин карадыУКМКдагы кылмыш ишти кыскартууга убада берген алдамчылар кармалдыДепутат Рыскелди Момбеков Аскер прокуратурасына суракка чакырылды