1-июлдун аба ырайы

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония.

1-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Ош облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36;

Баткенде түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Нарын дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29 градус ысык болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 35…37° ысык болушу күтүлөт.

Дагы караңыз

Парламент депутаттары коронавирустун күчөшүнө министрди күнөөлөдүКыргызстан Кытайдан 1,1 млн. доза вакцина алатАКШ Беларуска учак билеттерин сатууга тыюу салууну көздөөдөМаалымат мыйзамынын долбоору добуш берүүдөн өткөн жок Милиция: мурда кыз уурдоого айыпталган адам зордуктоого шектелип кармалдыМомбеков: "Маалымат жөнүндө мыйзам" бийликтин куралы болот