Кыргызстан Кытайдан 1,1 млн. доза вакцина алат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 30-июнда Министрлер Кабинети Кытай өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты.

Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, кытай препараты жакынкы күндөрү Кыргызстанга чартердик каттам менен келет. Ушул эле борт менен Кытайдын гуманитардык жардам катары берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы кошо келет. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, вакцинага каражат бюджеттен каралган.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө 20 миллион доллар берген. Анын тең жарымы грант түрүндө. Калганы 38 жылга 0,75% менен насыя катары берилген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул акчанын 17 миллионуна Кытайдан бир миллион доза вакцина сатып алмай болгон.

Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 112 миңден ашык киши эмделди. Эмдөө өнөктүгү кытай препаратынан тышкары Орусиянын "Спутник V" вакцинасы менен да жүрүп жатат. (MiK)

Дагы караңыз

АКШ Беларуска учак билеттерин сатууга тыюу салууну көздөөдөМаалымат мыйзамынын долбоору добуш берүүдөн өткөн жок Милиция: мурда кыз уурдоого айыпталган адам зордуктоого шектелип кармалдыМомбеков: "Маалымат жөнүндө мыйзам" бийликтин куралы болотСадыр Жапаров Түркиянын коргоо министрин кабыл алдыБалдар үйүндө каза тапкан өспүрүм сабалганы аныкталдыИталия Ооганстандагы аскерлерин толугу менен чыгарды