АКШ Беларуска учак билеттерин сатууга тыюу салууну көздөөдө

Беларустагы Минск аэропорту

АКШнын Транспорт министрлиги Кошмо Штаттардан Беларуска учак билеттерин сатууга тыюу салууну сунуштады. Мындай демилге аталган министрликтин расмий сайтына жарыяланды. Бул чара Кошмо Штаттардын Беларуста Ryanair компаниясынын учагы күчтөп кондурулушуна жооп катары каралууда.

23-майда Афины-Вильнюс багытында бара жаткан учак Минск шаарына күчтөп кондурулуп, борттогу оппозициячыл журналист Роман Протасевич менен сүйлөшкөн кызы София Сапега камакка алынган эле.

АКШнын Транспорт министрлиги Беларуска учууларды чектөө Американын кызыкчылыгына жооп берерин жарыялады.

Bloomberg агенттиги бийликтеги булактарына таянып жазгандай, АКШнын соңку кадамы Протасевичтин кармалышына тынчсыздануусун билдирүү максатындагы символикалуу кадам болот. Учурда эки өлкө ортосунда пандемиядан улам учак каттамдары чектелген санда.

Дагы караңыз

Маалымат мыйзамынын долбоору добуш берүүдөн өткөн жок Милиция: мурда кыз уурдоого айыпталган адам зордуктоого шектелип кармалдыМомбеков: "Маалымат жөнүндө мыйзам" бийликтин куралы болотСадыр Жапаров Түркиянын коргоо министрин кабыл алдыБалдар үйүндө каза тапкан өспүрүм сабалганы аныкталдыЧуулуу мыйзам парламенттен өтпөй калды