Италия Эл аралык коалициянын курамындагы аскерлерин Ооганстандан толугу менен чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Лоренцо Герини 30-июнда жарыялады. Ал Италиянын Ооганстандагы соңку аскерлери Гераттан Пиза шаарына келген соң “Өткөн түнү Италиянын Ооганстандагы миссиясы расмий түрдө аяктады” деп билдирди.
29-июнда Германия Ооганстандан аскерлери толугу менен чыгарылганын жарыялаган. Бул өлкөлөрдүн аскерлери туура 20 жыл Эл аралык коалициянын курамында террорчулук менен күрөшүү миссиясына катышты.
Быйыл апрелде АКШнын президенти Жо Байден Ооганстандагы аскерлери 2021-жылдын 11-сентябрына чейин чыгарылып бүтөрүн жарыялаган. Бирок Reuters агенттиги америкалык аскерлер белгиленген мөөнөттөн эрте жакынкы жумаларда ооган жергесинен чыгарылышы мүмкүн экенин жазды.
Эл аралык антитеррордук коалициянын аскерлери чыгарылып жаткан шартта “Талибан” кыймылы активдешип, бир нече районду басып алды. Ооган өкмөтү мындай аракетти тактикалык чегинүү деп атап, акыркы күндөрү аталган райондорду талибдерден бошотконун жарыялады.
Дагы караңыз
Путин түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берүүдөАсылбаева: Жалган маалыматты Министрлер кабинети аныктайтЖК жалган маалыматтан коргоо мыйзам долбоорун карай баштадыСоңку суткада коронавирус эки миңдей кишиден табылдыБалдар үйүндө каза тапкан өспүрүм сабалганы аныкталдыДүйнөдө коронавируска каршы эмделгендердин саны 3 миллиарддан ашты