Бүгүн 30-июнда Жогорку Кеңеш "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун үчүнчү окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү. Анда мамлекеттик ипотеканы 4% чейин азайтуу, баштапкы төлөмдү алып салуу өңдүү жоболор каралган.
Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн жана былтыр 2% азайып, учурда ипотекалык насыя 6-8% менен берилет.
Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылы 712, ал эми 2020-жылы 474 адам мамлекеттен ипотека алган.
Коммерциялык банктарда ипотекалык насыя адатта 17-18% менен берилет.