Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү көбөйөт

Курманкул Зулушев.

Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө жана Улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматы жоюлганына байланыштуу прокуратура органдарында тергөөчүлөр көбөйөрүн билдирди.

Зулушев жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматында иштегендердин 10 пайызга жакынын өздөрүнө алуу, резервде турган кадрлар арасынан тандоо жана жаш адистерди үйрөтүү караштырылып жатканын айтты.

“Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин өкмөткө, аткаруу бийлигине бүтүндөй өлкө боюнча дагы 145 тергөөчү алуу тууралуу сунуш киргизебиз. Учурда биз кодекстердин кабыл алынышын күтүп жатабыз, андан кийин тергөөгө байланыштуу ишти баштайбыз”.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы кызматты жойгон. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы болсо март айында жоюлган.

Дагы караңыз

Мадаминов: Баладан мурда энени окутуу зарылЗулушев: Кодекстерди жаңылаган жумушчу топ айлык албай иштедиАскерден жуккан кургак учук