Ошто мыйзамсыз курал сактоо боюнча эки факты аныкталды

Ош облусунун Өзгөн районунунда табылган курал.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Криминалдык милиция кызматы Ош шаарынан куралдар менен ок-дарыларды сактаган жашыруун жайды тапты.

Министрликтин маалыматына караганда, кароосуз калган үйдө капка оролгон 5,45 калибрдүү октору менен Калашников үлгүсүндөгү автомат жана тетиктери чачылган 16 калибрдүү сайсыз ок атуучу курал алынды. Курал-жарактар жерге көмүлүп катылган.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 253-беренеси (“Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) менен иликтөө иштери башталып, табылган куралдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Криминалдык милиция кызматы Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында атайын операциянын жүрүшүндө айыл тургунунун (М.Н.) үйүнөн дагы бир Калашников автоматын тапты. Тинтүү иштери соттун буйругунун негизинде Жазык кодексинин “Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси менен жүргүзүлдү.

Шектүү катары эки адам кармалды. Алардын бири (Т.О.) мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Алардын куралдарды мыйзамсыз алууга, өткөрүп берүүгө, сатууга, сактоого, ташууга катыштыгы текшерилет. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу документ кабыл алынган жокКыргызстан чек арада Тынчтыкты сактоо комиссиясын түзүүнү сунуштадыМаалымат мыйзамынын аты өзгөрдү, заты калдыБишкек: коронавирус болгон балдарга атайын бөлүм ачылды Беш айда жол кырсыктан 233 киши каза болду