30-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунун жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36;
Баткенде түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн 19…21°, күндүз 35…37° ысык болушу күтүлөт.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 14…16°, күндүз 26…28° болот.
Дагы караңыз
COVID-19: Гонконг Британия менен аба каттамын токтоттуОоган күчтөрү талибдерден эки районду кайтарып алдыБеш айда жол кырсыктан 233 киши каза болдуЕАЭБден келген кумшекер, малга кошумча нарк салыгы алынбайтЖК комитети Жазык-укук кодекстерин өзгөртүүнү колдодуЧехияда беларус оппозициясынын өкүлчүлүгү ачылатӨкмөт АКСтин жоюлушунан улам УКМК тууралуу чечим даярдайт