Ооган күчтөрү талибдерден эки районду кайтарып алды

Ооган аскери

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү айыгышкан салгылаштан соң өлкө түндүгүндөгү Фарьяб провинциясындагы эки районду талибдерден кайтарып алды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.

Анда өкмөттүк аскерлер учурда Газни жана Парван провинцияларындагы башка райондорду бошотуу боюнча операция жүргүзүп жатканы айтылат. Мындан сырткары Кундуз жана Тахар дубандарында да алдыга жылганы кабарланды.

Мындай маалыматтар соңку күндөрү "Талибан" өлкө түндүгүндөгү улам бир районду басып алганы жөнүндө жаңылыктар чыгып жаткан учурга туш келди.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча чабарманы "Талибан" май айынан бери өлкөдөгү 370 райондун 50дөн ашуунун өз көзөмөлүнө алганын кабарлаган эле.

Ушундан улам эл аралык күчтөр чыгып кеткен соң Кабулдагы борбордук бийлик кырдаалды колдон чыгарабы деген чочулоо жараткан.

“Азаттыктын” булактары учурда Баглан, Кундуз, Балх, Тахар, Фарьяб жана Забул аймактарында ооган күчтөрү менен талибдердин ортосунда салгылаш жүрүп жатканын билдирди.

Ооганстандын түндүгүндөгү соңку окуялар аны менен чектеш Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда тынчсыздануу жаратты. Тажик бийлиги кырдаал күчөсө качкындар көбөйүшү мүмкүн экенин божомолдосо, Өзбекстан өткөн аптадан тарта аскердик машыгууларды баштаган.

20 жылдан бери Ооганстанда террорчулукка каршы күрөшүп келген АКШ баштаган коалициялык күчтөр май айынан тарта аскерлерин чыгарып жатат. Кошмо Штаттардын бийлиги 11-сентябрга чейин өз жоокерлерин ооган жергесинен чыгарарын билдирген.

Дагы караңыз

Беш айда жол кырсыктан 233 киши каза болдуЕАЭБден келген кумшекер, малга кошумча нарк салыгы алынбайтЖК комитети Жазык-укук кодекстерин өзгөртүүнү колдодуЧехияда беларус оппозициясынын өкүлчүлүгү ачылатКыргыз-тажик мамилеси: Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө бардыӨкмөт АКСтин жоюлушунан улам УКМК тууралуу чечим даярдайт