Лондондо өткөн кинофестивалда "Мунабия" тасмасы баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу тасманын режиссёру Таалайбек Кулмендеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Аталган тасма Eurasian Creative Guild эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип, "Эң мыкты көркөм фильм" наамына татыган.
"Мунабия" тасмасы белгилүү жазуучу Казат Акматовдун чыгармасынын негизинде тартылган. Тасмада Мунабия аттуу каармандын сүйүүсү үчүн күрөшкөнү баяндалат. Аталган каармандын тасмадагы жаш чагын Мээрим Атантаева, орто жаштагы ролун Гүлзинат Суранчиева ойногон.
Эске салсак, "Мунабия" тасмасы 2018-жылы Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок-2018" фестивалында баш байгени жана "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алган. (MZh)
Дагы караңыз
Кыргызстанда мамкызматкерлер саны 30% кыскарат Көл баккан айылКулматов: Жолугушуу Кыргызстанга да, Тажикстанга да керекКоронавирустан 10 киши каза болду, 1092 кишиден жаңы аныкталды