Акыркы суткада коронавирустан 10 киши каза болду, 1092 кишиден жаңы аныкталды. Бул сандар былтыркы август айынан берки эң жогорку көрсөткүч.
Вирустан каза болгондордун төртөө Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көлдө, экөө Талас менен Жалал-Абад облустарында катталды. Муну менен коронавирустун курмандыктары 1992 кишиге жетти.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-июндагы маалыматына ылайык, соңку суткада 558 киши сакайды.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 123 038 киши вирус жугузуп алды, анын 109 511и сакайды.
Ушул күндөрү 10 457 киши COVID-19 менен алышып жатат. Анын 3 209у ооруканаларда 7 248и үй шартында дарыланууда. Ооруп жаткандардын ичинен 409 бейтаптын абалы өтө оор. (MiK)
Дагы караңыз
Дүйшөмбү: кыргыз-тажик президенттеринин жолугушуусу башталдыЧүй суу чарба башкармалыгынын жетекчиси иштен алындыТүркиянын коргоо министри Хулуси Акар Бишкекке келдиКорумду-Балбай автожолу 128 миллион долларга оңдолотМосква: мигранттарды "Спутник Лайт" менен эмдөө башталдыПутин чет элдик бейөкмөт уюмдар менен кызматташууга тыюу салды