Бүгүн, 29-июнда Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду. Иш-чара Дүйшөмбүдөгү “Улут сарайында” өтүп жатат.
Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен кечээ, 28-июнда барды. Ушул эле күнү кечинде эки президенттин бейрасмий жолугушуусу болгон.
28-29-июнга белгиленген сапардын алкагында Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт. Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселесин да талкуулашат.
28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон. (MiK)
Дагы караңыз
Чүй суу чарба башкармалыгынын жетекчиси иштен алындыТүркиянын коргоо министри Хулуси Акар Бишкекке келдиКорумду-Балбай автожолу 128 миллион долларга оңдолотМосква: мигранттарды "Спутник Лайт" менен эмдөө башталдыПутин чет элдик бейөкмөт уюмдар менен кызматташууга тыюу салдыБеларус ЕБ демилгесинен чыгып, өкүлүн чакыртып алдыЧехия аскер кампасындагы жардыруу үчүн Орусиядан кенемте талап кылды