Кыргыз-тажик президенттеринин бейрасмий жолугушуусу болду

Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон.

28-июнда кечинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун бейрасмий жолугушуусу болду.

Бул тууралуу тажик президентинин басма сөз кызматы кабарлап, жолугушуу шаар четиндеги “Бахор” резиденциясында өткөнүн билдирди.

Садыр Жапаров Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына 28-июнда расмий иш сапары менен барды. Мамлекет башчысын Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

28-29-июнга белгиленген сапардын алкагында Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт. Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселесин да талкуулашат.

Эки мамлекеттин президенттери алгачкы ирет жолугуп жатат.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Кырдаал курчуп турган маалда Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки ирет телефондон сүйлөшкөн. Андан бери тышкы иштер министрлери регионалдык уюмдардын алкагындагы жыйындарда гана жолугушуп келген.

Чек ара жаңжалынан көп өтпөй Садыр Жапаров Тажикстанга май айынын экинчи жарымында бара турганы кабарланган. Бирок 6-майда мамлекет башчысы Баткендин тургундары менен жолугушканда чек ара маселелери чечилмейинче коңшу өлкөгө барбай турганын айткан.

Ушул тапта эки өлкөнүн чек аралары жабык. Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий иш сапары кыргыз коомчулугунда ар кандай талкууну жаратты. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров расмий сапар менен Тажикстанга бардыӨмүрбек Текебаев "Кумтөр иши" боюнча сурак берип чыктыЖК комитети жалган маалыматтан коргоо жөнүндө документти колдодуКыргызстан Түркмөнстандан газ, электр энергиясын алат